Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды
Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда аталган облустун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы Ш.С. кайрылган. Анда ал 7-июнь күнү саат 17:30 чамасында белгисиз адам унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 27 жаштагы Ч.В. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.