Жылнаама, 14-июнь: Мындан 73 жыл мурун АКШнын экрандарына Уолт Диснейдин "Бэмби" мультфильми чыккан


Көп жылдар бою анын көмүлгөн жери жашыруун болуп, арадан 30 жыл өткөндөн кийин гана Ченин сөөгү кайсы жерге көмүлгөнү билинген. 1995-жылы боливиялык армиянын генералы Че Гевара аба майданынын учактар уча турган тилкесине катарлаш жерге, өлтүрүлгөн эле жерге коюлганын билдирген. Эки жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканынын 30 жылдыгына карата сөөгү эксгумацияланып, мекени Кубага жиберилген. Азыр анын сөөгү өзүнүн күмбөзүнө коюлган, бирок айрымдар 1997-жылы команданттын өзүнүн сөөгү коюлганына ишенбей да келишет.

1923-жылы Альпы тоолоруна саякат учурунда ага бир чаарчык байыр алат. Колунан тамак жеп жүргөн чаарчыкты бир күнү мергенчилер атып өлтүрүшөт. Адамдардын таш боордугуна кейиген Зальтен “Бэмбини” жараткан. 1933-жылы “Бэмби” деген китепти окуп, аны тасмага айлантуу үчүн автордук укукту Сидней Франклин сатып алган. Алгач ал кадимки тасма тарткысы келген, бирок салттуу тасма менен окуяны ийине жеткире бере албасын сезип, 1935-жылы “Уолт Дисней” студиясына анимациялык тасма тартуу сунушун киргизген. Тасманын сүрөттөрүн Тайрус Вонг тарткан.
"Бэмби" "Оскар" сыйлыгына үч номинацияда ("Мыкты ыр", "Мыкты үн" жана "Мыкты музыка") көрсөтүлүп, байгеге илинген эмес. Абройлуу сыйлыктардан 1948-жылы "Алтын глобуска" татыган.

14-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.