super.kg logo

Жылнаама, 15-июнь: Мындан 49 жыл мурун V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибеков туулган

 
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибеков Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Воронеж политехникалык институтунун автоматташтыруу жана машина курууну роботтоштуруу факультетин, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана кредит адистиги боюнча артыкчылык менен, КРнын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юрист адистиги боюнча бүтүргөн. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын Грузиянын Кутаиси шаарындагы аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1986-жылы Ош облусунун Алай районундагы “Правда” совхозунда жумушчу болуудан баштаган. 2010-жылы “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
 
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы ырчы Азамат Сарыбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган. Андан соң Улуттук консерваторияга тапшырып, Улукмырза Полотовдун колунан билим алган. 
Азамат Сарыбаев "Аппагым", "Бульварым" аттуу ырлары менен популярдуулукка жетишкен. Анын аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы режиссёр, продюсер Канат Култаев Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. "Дастан" техникалык университетин бүтүргөн. 2004-жылы "Кыргыз телерадиосунун эң мыкты режиссёру", 2006-жылы КРнын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2006-жылы Мамлекеттик телерадиоберүүкомпаниясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 
* Мындан 119 жыл мурун, 1896-жылы Япониянын Хонсю аралындагы Санрику аттуу аймагында күчү 7,2 баллга жеткен зилзала болуп, ал цунамини пайда кылган. Зилзаланын жана цунаминин кесепетинен 22 миң адам каза болгон. 
15-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.06.2015. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келдибековду жазбай койсонор болмок! Элин тоногон киши!
15.06.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
vertual, Ким айтты сага оз элин тоноду деп далилин барбы.
15.06.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Улуу урматуу Акматбек агай туулган кунунуз кут болсун. ВДВ не кто кроме нас.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: