super.kg logo

"Тилек Шаабаевди атып өлтүрүшкөн МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунуштап жатышат" дейт маркумдун досу

 
МАИ кызматкерлеринин огунан каза тапкан Тилек Шаабаев
Тилек Шаабаев апасы менен. Апасы мындан 8 ай мурун каза тапкан.
Тилек Шаабаевдин унаасы
Тилек Шаабаевдин унаасы

23 жаштагы Тилек Шаабаевди атып өлтүрүшкөн МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына маркумдун жакын досу Турат Кадыров билдирди.

Бүгүн Тилек Шаабаевди жерге берип келдик. Анын өлүмү боюнча Москва райондук прокуратурасына арыз жазганбыз. МАИ кызматкерлери тосмо арыз жазуу үчүн 4 миң доллар сунушташты, бирок бизге акчанын кереги жок, болгону татыктуу жазаларын алышсын”,- дейт Кадыров.

Ошондой эле ал: “Досумдун канчалык күнөөсү бар же жогун билбейм. Ички иштер министрлиги кызматкер жыгылганда куралынан ок чыккан деп жатат, бирок ок Тилектин денесине өйдө жактан келип тийген. Бул боюнча экспертизанын жыйынтыгы эки-үч күндө даяр болот”,- деди.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 11-июнь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 39-чакырымында Ниссан Альмера унаасын токтотуу үчүн белги берилген, бирок айдоочу жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унааны катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан түшкөн кызматкерлер унаанын алдына чыгып, бири эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Ага да болбогон айдоочу жол-кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген. Мындан улам ал ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(49)
13.06.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Качып баратса, машинаны атса болмок. Балонун атып жарса токтойт эле. Тилек неге качты экен ? Туз эле жургон балабы ?
13.06.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш бала жаткан жерин жайлуу болсун ! Качып кетем деп ойлодуда токтоп эле н/с тин штрафын толосон болмок экен коркуп кеттинго
13.06.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
" Ошол учурда жыгылган кызматкердин куралынан ок чыгып, айдоочуга тийген" - ушул кантип болсун ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-06-16 14:37:10
16.06.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guard - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.06.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тилектин жаткан жери жайлуу болсун, окунучтуу. Эмнеге качышат? Жанындагы балдар деле токтотуп кой деп айтышса болмок экен. Негизи мыйзамды сыйлап журолучу.
13.06.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aash, эн тура мыйзамды сен мен колдосок кызматкерлерда Айла жок колдойт таза журсон аларда таза болот
13.06.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эми Тилекти эч ким тирилтип бере албайт, ошо 4000 мин долларды алышсын. Бул жерде эки тарап тен куноолу,кандай болсода атпаш керек эле.
ayjamal83 түзөттү 13.06.2015 21:08
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: