Сокулук районунда мындан жарым жыл мурун дайынсыз делип жаткан жашы жете элек кыз табылды
Сокулук районунда мындан жарым жыл мурун дайынсыз делип жаткан жашы жете элек кыз табылды. Бул тууралуу 15-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын ноябрь айында Сокулук РИИБине 1998-жылы туулган К.Анын жоголуп кеткендигин айтып, кыздын туугандары кайрылышкан. Сокулук РИИБи бул факты боюнча издөө жарыялап, ушул жылдын май айынын соңунда аны аталган райондогу дүкөндөрдүн биринде иштеп жаткан жеринен табышкан. Андан кийин Сокулук РИИБине кыздын ата-энеси чакырылып, кыз менен профилактикалык аңгемелешүү жүргүзүп, кыз үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Туугандары кыз дайынсыз жоголуп кеткенге чейин да бир канча жолу үйүнөн кетип калганын айтышкан. Акыркы ирет ал үйдөн чыгып кеткен бойдон жарым жыл убакытка жоголуп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Patriot...kg

15.06.2015. 08:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм да жакшы болуптур.
karasuu

15.06.2015. 09:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
98-жылы туулган......бир нерсе болом же ата энем кыжалат болот деп деле коркбойт азыркылар...?!
kama_future_millioner

15.06.2015. 09:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага
Rifle

15.06.2015. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Батышты тууралап журуп, озубуздун маданиятыбыз жоголо баштады.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.