super.kg logo

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болуп, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу 15-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, 14-июнь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 306-чакырымындагы Артак ашуусунда Мерседес-Бенц-230 унаасынын айдоочусу автоунааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан айдоочу, 1973-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Т.Ташматов каза болгон. Андан сырткары Ош облусунун 1949-жылы туулган тургуну Изат Сулайманова каза болгон. Анын сөөгү Токтогул районунун өлүкканасына жеткирилген.

Жаракат алган жүргүнчүлөр:

1) Н.Ташматова1985-жылы туулган, Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну.

2) Г.Кабилова1980-жылы туулган, Бишкек шаарынын Тынчтык көчөсүнүн тургуну.

3) 2006-жылы туулган Нуртилек Карыбеков оор жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. 

4) 2012-жылы туулган Аалы Карыбеков оор абалда Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.06.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун маркумдардын, туугундарына сабырдуулук тилейбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: