Жылнаама, 17-июнь: Мындан 52 жыл мурун премьер-министр Темир Сариев туулган

Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра да жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары, тамсилдери бар.
Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган.
Улуу акын 1942-жылы 82 жаш курагында каза болгон.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы саясий ишмер Темир Сариев Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн.
* Мындан 130 жыл мурун, 1885-жылы Нью-Йоркко француз элинин АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата тартуу кылган белеги – "Эркиндик" айкели жеткирилген.
* Мындан 65 жыл мурун, 1950-жылы чикаголук (АКШ) хирург Ричард Лоулер биринчи жолу адамга бөйрөк алмаштыруу боюнча операцияны ийгиликтүү жасаган. Операция 45 мүнөттүн ичинде аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2-3-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, КРнын Каржы министри, 2011-жылдын декабрь айынан тартып 2015-жылдын апрелине чейин КРнын Экономика жана антимонополдук саясат министри, ал эми 2015-жылдын 2-майынан тарта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеп келет.
Темир Сариев "Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинине ээ. III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган Нью-Йоркто жайгашкан "Эркиндик" статуясы 1876-жылы АКШнын көз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын 100 жылдык мааракеси үчүн Франциянын элинен белек катары жасалган.
Статуянын салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин, 1886-жылы 28-октябрда болгон. Ал толук "Тынчтыкка жарык чачуучу Эркиндик" деп аталат. Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольди жана инженер Гюстав Эйфель жасашкан. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бөлүккө бөлүп, 214 жашикке салышкан. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнө чейин 93 метр, статуянын өзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгөн. Ачылган күндөн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.

17-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.