Жылнаама, 18-июнь: Мындан 4 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Эл артисти, улуу манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон

Анын күжүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946-ж.ж.) жана үчүнчү (1950-1954-ж.ж.) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Кызылча талаасындагы үзүрлүү эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, ал СССРдин эң жогорку сыйлыктарына: "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамына (1948-жылы жана 1957-жылы), 3 Ленин орденине (1941-ж., 1947-ж., 1948-ж.) жана Эмгек Кызыл Туу орденине (1946-ж.) ж.б. татыктуу болгон.
Кыргыздын кызылчачы, баатыр кызы 1982-жылы дүйнөдөн өткөн. Бишкек шаарындагы "Эркиндик" гүл багында З.Кайназаровага эстелик орнотулган. Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине ысымы берилген. Ал тууралуу “Шекердин өрөөнү” деген даректүү фильм тартылган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, улуу манасчы Уркаш Мамбеталиев 78 жаш курагында каза болгон. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда солист-манасчы болуп пенсияга чыккыча иштеген. Филармонияда иштеп жүрүп, искусство жаатында иштеген көптөгөн кызматкерлер менен биргеликте Японияга, Италияга, Пакистанга, Кытайга, Швецияга жана Ооганстанга гастролдорго барган.
* Мындан 81 жыл мурун, 1934-жылы Англиянын көчөлөрүндө жөө адамдар үчүн атайын өтмөктөр ишке киргизилген. Бул өтмөктөр ак түстөгү сызыкчалар менен белгиленип, жолдун аркы өйүзүнө өтүүгө ыңгай жараткан.
* Мындан 73 жыл мурун, 1942-жылы айтылуу “Битлз” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, англиялык ырчы, композитор жана сүрөтчү Пол Маккартни Англиянын Ливерпуль шаарында туулган. Бала кезинде жокчулуктун айынан кыйынчылыкты башынан көп кечирген. 14 жашында атасы ага эски чоорду белекке берген. Пол аны кийинчерээк акустикалык гитарага алмаштырган.

Дүйнө жүзүндөгү эң чоң эпостун айтуучусу катары Уркаш Мамбеталиев өзүнүн чеберчилиги менен трилогиянын кайталангыс, каармандардын оригиналдуу элестерин дүйнөнүн элдерине жеткизе алган.


Анын алгачкы чыгармасы “Мен кичинекей кызымды жоготтум” деп аталган. Пол Маккартни Жон Леннон, Жорж Харрисон менен таанышып, 1960-жылдары Гамбургга барып, "Битлз" тобун негиздешкен.
18-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.