Алмазбек Атамбаев президент Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түркиянын 9-президенти Сулейман
Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу 17-июнда президенттик аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
“Түркия жана жалпы түрк дүйнөсү легендарлуу лидерден, көрүнүктүү саясатчыдан жана мамлекеттик ишмерден айрылды”,- деп белгиленет телеграммада.
Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн элинин жана жеке өзүнүн атынан маркумдун үй-бүлөсүнө, бир тууган
жана боордош Түркиянын жалпы элине терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















