Депутаттар түнкү мезгилде жаш балдарга сауналарда, стадиондордо, түнкү клубдарда жалгыз жүрүүгө тыюу салышты
Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасындагы балдардын ден соолугуна, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзам долбоорун 3-окууда жактырышты.
Ага ылайык, түнкү саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин иш-чараларда балдардын жалгыз жүрүүсүнө тыюу салынат. Ага стадиондор, сейил бактар, скверлер, жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары, оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, интернет-кафе, интернет-клубдар кирет.
Эми бул мыйзам долбоорун президент жактырса, аталган тыюу күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















