super.kg logo

Жылнаама, 19-июнь: Мындан 47 жыл мурун ырчы Таалай Бектурганов туулган

 
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы "Назира", "Эмне мынча сүйөм сени?", "Таарынба" жана башка көптөгөн популярдуу чыгармалардын автору Таалай Бектурганов Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында туулган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын сегизинчиси болгон. Мектепте абдан жакшы окуган, айрыкча спортко болгон кызыгуусу күч болуп, сууда мыкты сүзгөн. 7-8-класстарда атасынан комуз черткенди үйрөнүп, мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөн. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырган. 
Таалай Бектурганов 1995-жылы сырдуу өлүмү менен кырчындай 27 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
 
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы телеалпаруучу, ди-джей Элиза Кененбаева Кемин районунун Орловка айылында туулган. Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура факультетин бүтүргөн. Элиза Кененбаева "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын ТВ персонасы деп табылган.
* Мындан 75 жыл мурун, 1940-жылы Англиянын "Ниагара" кемеси Жаңы Зеландиянын Окленд шаарынан чыккандан көп өтпөй немистер койгон минага жарылып, чөгүп кеткен. Кишилерди сактоого мүмкүн болгону менен, Англиянын банкына тийиштүү көп өлчөмдөгү алтын менен кошо кеме чөгүп кеткен.
* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы Нью-Йорк штатындагы Синг-Синг түрмөсүндө жубайлар Жулиус жана Этель Розенбергдерге "СССРдин пайдасына атомдук тыңчылык кылган" деген айып тагылып, өлүм жазасына тартылышкан.
19-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: