super.kg logo

Акын Тууганбай Абдиевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйдүн дубалына орнотулду

 

22-февралда КРнын Эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин мемориалдык тактасы борбор шаардагы Чыгыш-5 кичи районунда өзү жашаган  үйдүн дубалына орнотулду. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Иш-чарага белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият кызматкерлери жана акындын жакын туугандары катышты. Эске сала кетсек, Тууганбай Абдиев тирүү болгондо быйыл 3-майда 76 жашка чыкмак. Ал 1993-жылы "Ак таңдай-93", 1995-жылы "Манас-1000" эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон. Эл аралык "Руханият" сыйлыгы, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген наам алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: