Жылнаама, 21-июнь: Мындан 53 жыл мурун советтик рок-музыкант Виктор Цой туулган

Муратбек Бегалиев - "Кыргызстан Ленин комсомолу" сыйлыгынын лауреаты, "Түгөлбай ата" Эл аралык коомунун сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Чыгармачылык эл аралык байланыш академиясынын академиги, профессор.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы телеалпаруучу, продюсер жана модельер Ассоль Молдокматова Бишкекте белгилүү журналист, акын Абдыкалый Молдокматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ассоль Молдокматова 12 жашынан тартып телеге чыгып, "Час пик", "Всем, всем добрый день!" телеберүүлөрүн алып барган. Ошол эле убакта журналисттер мектебин аяктап, радио, гезит, ТВда иштеген. Ал эми 16 жашынан тартып чоң масштабдагы шоу-программа, фестиваль, сынактарды алып бара баштаган. Көптөгөн ийгиликтерди багындырган Ассоль Молдокматова "КМШнын мыкты телеперсонасы" сыяктуу 40тан ашык эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.
* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым Беназир Бхутто Пакистандын Карачи шаарында туулган. Атасы Зулфикар Али Бхутто 1971-1977-жылдары Пакистандын президенти, анан премьер-министри болгон. Бхутто Гарвард, андан кийин Оксфорд университеттеринде окуган.
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы франциялык футболчу, машыктыруучу, футбол ишмери Мишель Франсуа Платини Франциянын Лотарингия регионунда туулган. Футболчу катары ал Франция курама командасы менен 1984-жылы Европанын чемпиондугун утуп алган. Белгилүү "France Football" басылмасынын версиясы боюнча "20-кылымдагы мыкты франциялык футболчу" болуп табылган.
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган. Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер СССР доорунда анын курамындагы өлкөлөргө кеңири тараган. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан.


1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген "Пакистан" элдик партиясын жетектеген.

Клубдук карьерасын ал 1972-жылы франциялык “Нанси” клубунда баштаган (183 оюнда 98 гол киргизген). Карьерасын 1988-жылы жыйынтыктап, машыктыруучулук менен алектенип баштаган. 2007-жылы 26-январда ал УЕФАнын (Европалык футбол ассоциацияларынын кеңеши) президенти болуп шайланган. 4 жыл убакыттан кийин, тагыраак айтканда, 2011-жылы 22-мартта 53 добуш менен (союздун бардык мүчөлөрү макул экенин билдиришкен) дагы бир мөөнөткө, 2015-жылы 24-мартта Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде кийинки 4 жылдык мөөнөткө кайрадан шайланган.

Виктор Цой 28 жаш курагында, 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда жол кырсыгынан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан. Москвич-2141 үлгүсүндөгү машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле каза тапкан.
21-июнда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
Bors

21.06.2015. 11:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В.Цой легенда мындай адамдао 100 жылда бир жаралса керек. Кыска омурундо ушунча нерсеге жетишкннине тан каласын. Ырлары азыркыга чеин хит болуп келет. Эл козундо жаш боюнча журот. Эгер тируу болгондо азыр 53 жашта болмок экен. Кече жакында эле олгондой сезилет карасанар арадан 25 жыл отуп кетиптир. В Цой мен сени мененмин деген ураанды коп шаарлардан азыркыга чеин окуйсун. ( В.Цой я с тобой)
shayl2106

21.06.2015. 13:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун менинда Туулган кунум 28 жаш
Izdeim_seni.

21.06.2015. 16:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камаз менен кагышкан дешчу эле го.
nurik2103

21.06.2015. 18:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуту ким болгон? Бири казак дейт, бири корейс дейт. Толугураак жазып койбопсунар
Bors

21.06.2015. 19:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurik2103, кореец кайдан казактардан уктун Цой деген фамилияны и Виктор деген атты.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.