super.kg logo

Ош шаарында экинчи инстанциядагы соттордун судьялары үчүн эки күндүк семинар өтүүдө

 

Бүгүн, 22-июнда Ош шаарында Жогорку Соттун алдындагы Судьялардын окуу борбору сот тутумун бекемдөө боюнча экинчи инстанциянын судьялары үчүн «Жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларды талдоо усулдугу» деген аталышта семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Семинарды Судьялардын окуу борборунун жергиликтүү соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлерди окутуу боюнча секторунун башчысы М.Оморова жана Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча ЮСАИД/ИДЛО программасынын эксперти Д.Максимбекова ачышты. Анда тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун отставкадагы судьясы Р.И.Эралиева, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Р.А.Каримова окутуп жатышат. Ага 23 судья катышууда жана семинардын иши эртең, 23-июнда уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: