super.kg logo

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 120 миң сом пара алып кармалышты

 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери А.А. жана Т.Н. опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

2015-жылдын 19-июнунда Э.А. аттуу жаран жогоруда аталган Каржы полициясынын кызматкерлерине карата чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Көрсөтүлгөн Каржы полициясынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутушуп, арыз берген жарандан 2013-жылдан тартып ай сайын 120 миң сомдон акча каражатын, башкача айтканда, “отметка” алып турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында 300 миң сом өлчөмүндөгү параны алып жатышканда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улуу ыйгарым укуктуу кызматкери А.А. жана Борбордук аппаратынын ыйгарым укуктуу кызматкери Т.Н. кармалышты.

Белгилеп кетсек, ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө 20га жакын адамдан турган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлер тобу кесиптештери кармалган жерге келишкен, алар тергөө иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга аракет жасашкан. Азыркы маалда тоскоолдук кылууга аракет жасаган кызматкерлерге карата укуктук баа берүү маселеси каралып жатат.

2015-жылдын 19-июнунда УКМКнын Тергөө башкармалыгы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “опузалап пара талап кылуу” беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду. Ал эми "кармалгандар тергөө камак жайына 2 айлык мөөнөткө камакка алынсын" деген бөгөт коюу чарасын тандады. Азыркы маалда тергөө амалдары жүрүп жатат.






Бишкектеги финполчулардын пара менен кармалышы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.06.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыккоо
23.06.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сайын 120 миңден берип турса, 3 жыл бою (2013, 2014, 2015), анда жабырлануучунун акча табуучу булагы укмуш го, ээ, түгөнгөн сайын түтөгөн ))) А эмнеге буга чейин (3 жыл бою) унчуккан эмес...
Медиа-портал
23.06.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начальниктин колуна жеткенче печатталат.наржагы карангы канчадан ким менен болуп алат!
Медиа-портал
23.06.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири-бирин сатышып, карматышып жеп жутушабы!!!!
Медиа-портал
23.06.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Через банк албайбы башы иштебейт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: