super.kg logo
  Саясат  

Улуттук мыйзамдардын айрым жоболору ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө

 

Жогорку Кеңеш 26-июнда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигинин курамына кошулушунун алкагында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, бир катар улуттук мыйзам жоболору ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө. Ал үчүн “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Мыйзамдарга жаңы жоболор камтылган жок, тек гана техникалык түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мисалы, биздин бул мыйзамдардагы "табигый монополия" деген түшүнүк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарындагы "уруксат берилген монополия" деген сөзгө алмаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: