super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын экс-премьер-министри Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

 
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын экс-премьер-министри Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 26-июнда билдирди.
Мамлекет башчынын телеграммасында: "Евгений Примаковдун акылмандыгы, бөтөнчө жөндөмдүүлүгү жана жеке сапаттары азыркы орус мамлекетинин түптөлүшүндө маанилүү роль ойноду. Анын Кыргыз Республикасы менен Орусиянын соода-экономикалык кызматташтыгына, достугунун бекемделишине кошкон салымы зор. Биздин өлкөдө аны тажрыйбалуу жетекчи, кыргыз элинин чыныгы досу катары жакшы билишет. Өзүмдүн жана кыргыз элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деп айтылат.

Орусиянын мурунку премьер-министри Евгений Примаков бүгүн, 26-июнда 86 жаш курагында каза болду. Ал 1991-1996-жылдары Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматын жетектеген. Андан кийинки эки жылда өлкөнүн тышкы иштер министри, 1998-1999-жылдары премьер-министр, 2001-2011-жылдары Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: