super.kg logo

“Тазалык” муниципалдык ишканасы карызын жабуу үчүн тарифтерге болгон бааны 50 пайызга көбөйтүшү мүмкүн

 

“Тазалык” муниципалдык ишканасы карызын жабуу үчүн тарифтерге болгон бааны 50 пайызга көбөйтүшү мүмкүн. Муну бүгүн, 29-июнда шаардык кеңештин жыйынында маалымдашты. Маалым болгондой, Европа өнүктүрүү банкы “Тазалык” муниципалдык ишканасына 22 миллион евро каражат бериши мүмкүн. Анын 11 миллион евросу насыя түрүндө, калган 11 миллион евросу грант болуп берилет, бирок бул каражат тарифтердин 50 пайызга көбөйтүлүшү менен гана берилет.

Айта кетсек, учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын карызы 200 миллион сомдон ашкан. Анын салыктар боюнча карызы 102,7 миллион сом, анын 34,4 миллиону туум, Социалдык фондго 100,2 миллион сом, анын 23,5 миллиону туум (пеня) болгон.

Айта кетсек, акыркы жолу таштандыны чыгарууга болгон тарифтер 2009-жылы коюлган. Ага ылайык, калк үчүн айына 15 сом, пенсионерлер үчүн 4 сом, юридикалык жактар үчүн чарчы метрине 150 сомду түзөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: