Жылнаама, 1-июль: Мындан 11 жыл мурун легендарлуу “Өкүл ата” тасмасында Дон Корлеоненин образын жараткан америкалык актёр Марлон Брандо каза болгон


* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Гонконг Кытай Элдик Республикасынын курамына алынган. "Сянган" кантон диалектинде "Гонконг" аталып, ал "жыпар жыттуу кысык" дегенди түшүндүрөт. Гонконг Англия-Кытай согушунун натыйжасында 1842-жылы Англияга 155 жылга берилген. Келишим мөөнөтү аяктаган соң, Британия Гонконгду Кытайга кайтарган.

"Оскар" сыйлыгына эки жолу татыган Марлон Брандо 1924-жылы 3-апрелде Небраска штатындагы Омаха жергесинде майда соода менен алектенген кишинин жана чакан шаарчада өнөрпоздук кесипти аркалаган айымдын үй-бүлөсүндө туулган.
Марлон өзүнүн актёрдук карьерасын 1944-жылы баштаган. Ал ошол жылы Бродвейде "Мен апамды сүйөм" деген пьесада роль аткарып, актёрдук тушоосу кесилген. 1951-жылы "Эңсөө" деп аталган трамвай" ("A Streetcar Named Desire") фильмине, 1953-жылы "Жапайы неме" ("The Wild One") деген тасмага тартылган. Ал эми 1954-жылы "Деңиз жээгинде" ("On the Waterfront") тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына алгачкы жолу татыган.
Брандо режиссёр Фрэнсис Копполанын 1972-жылы тартылып бүткөн жана америкалык мафиянын ички оош-кыйыш турмушун чагылдырган "Өкүл ата" ("The Godfather") тасмасындагы Дон Вито Корлеоненин ролун мыкты аткарган. Бул ролу үчүн кийинки жылы ага өзүнүн экинчи "Оскар" сыйлыгын ыйгарышканда, Марлон Брандо өлкөдөгү индейлердин укуктарынын бузулушуна нааразылык билдирүү иретинде киноакадемиянын бул жогорку сыйлыгын алуудан баш тарткан.
1-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.