super.kg logo
  Саясат  

Казакстан парламенти Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндөгү келишимди ратификациялады

 
Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндөгү келишимди ратификациялады. Бул тууралуу 1-июлда Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда айтылгандай, келишимди парламент жыйынына өлкөнүн улуттук экономика министри Ерболат Досаев алып чыгып, баяндама жасады. Жыйынтыгында Төмөнкү палата келишимди колдоп берди. 
Айта кетсек, 30-июнда Беларусь парламенти аталган келишимди ратификациялаганы кабарланды. Келишимди биринчилерден болуп Армения парламенти колдоп берген. 
Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: