super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу тууралуу келишимди ратификациялады

 
Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу тууралуу келишимди ратификациялады. Мындай чечим Мамлекеттик Думанын бүгүн, 1-июлдагы отурумунда кабыл алынганын орусиялык маалымат каражаттары жазышты. 
Ал эми буга чейин Армения, Беларусь жана Казакстан парламенттери келишимди колдогон. Президент Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү келишимине 21-майда кол койгон соң ички процедуралар аяктаган эле. Атамбаев 21-июнда Санкт-Петербург шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, 1-июлдан тартып өлкө ЕАЭБге толук кандуу мүчө боло турганын айткан. Эми бул келишимге биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кол коюшу керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: