super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев "1-сентябрга чейин шайлоочулардын сапаттуу тизмеси даяр болот" деди

 
Өкмөттө бүгүн, 1-июлда биометрикалык маалымат топтоо кампаниясы боюнча кеңешме өтүп, жасалып жаткан иштер жана күтүлгөн жыйынтык талкууланды. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 1-июлдан 30-июлга чейин өздүк маалыматын тапшыра электер үчүн жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзөрүн билдирди. 
"Андан кийин шайлоочулардын сапаттуу тизмеси түзүлүп, мындан аркы иштерди жүргүзүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына жиберет. Августтан баштап жер-жерлерде масштабдуу түрдө оператор жана IT адистери менен биргеликте жаңы шайлоо технологияларын колдонууну текшерип көрүү иштери башталат. Жакында Япониядан зарыл болгон бардык жабдуулар топтому келет. 1-сентябрга карата Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүшү керек. Азыркыдай темп менен бардык иштерди өз убагында бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бар",- деп билдирди Сарпашев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: