Жылнаама, 2-июль: Мындан 32 жыл мурун "Заманыбыздын супер алып баруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова төрөлгөн

"Курманжан датканын 200 жылдыгы", "Уркуя Салиеванын 100 жылдыгы", "Куйручуктун 145 жылдыгы", "Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы", "Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы", "Ысык-Көлдө кадыр түн - 2010, 2011, 2012", "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер концерт" жана башка ушул сыяктуу көптөгөн иш-чараларды алып барган.
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы конголук коомдук жана саясий ишмер Патрис Эмери Лумумба Конгодо (Африкадагы өлкө) төрөлгөн. Ал Конго Демократиялык Республикасынын Биринчи премьер-министри, Улуттук баатыр, акын, Африка элдеринин боштондук күрөшүнүн символу болгон.
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы атактуу америкалык жазуучу, журналист Эрнест Хемингуэй 61 жашында өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен өзүн өзү атып өлтүргөн.
* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы орусиялык актриса Наталья Рудова Өзбекстанда төрөлүп, Казакстанда чоңойгон. Апасы өзбек кызы болгон. Кийин ата-энеси ажырашып, апасы менен Орусиянын Иваново шаарына көчүп кеткен. Ушул жерден театралдык орто окуу жайын да аяктаган. Наталья Рудова “Примадонна”, “Кто в доме хозяин?”, “Воспоминания Сталина”, “Проводница” жана башка телесериалдарда тартылган. Алардын арасынан эң эле чоң ролу катары “Татьянин день” сериалындагы ролу эсептелет.
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы америкалык актриса жана ырчы Линдсей Лохан Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Линдсей Лохан 3 жашынан баштап жарнамалык түрмөктөргө тартыла баштаган. 10 жашында кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап, “Другой мир” сериалына тартылган. Мындан көп узабай эле, 1998-жылы атагын алыска тараткан “Ловушка для родителей” комедиясында өзү жалгыз эле эгиз кыздардын ролун аткаруу менен “Жаш актриса”, “Жаш жылдыз” сыйлыктарына ээ болгон.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы АКШда бейтапка алгачкы жолу жасалма жүрөк (AbioCor) салынган. Бул аппарат ички аккумулятордун жардамы менен иштеп, тери аркылуу тыштан кубат (заряд) ала алган.

Боштондук үчүн болгон аракеттеринин кесепетинде камакка алынган. Түрмөдө жатып саясатка мыйзам жолу менен аралашууну ойлойт да, бошонгондон кийин “Конгонун улуттук кыймылы” аттуу партиясын негиздейт. Шайлоодо партия жеңишке жетишип, ал Конгонун биринчи премьер-министри болуп дайындалган. 1960-жылы өлкөсүндөгү баш аламандыкка жол бергендиги үчүн Лумумба жумушунан бошотулуп, үй камагына алынган. Андан бир жыл өтпөй, 1961-жылы 17-январда каза тапкан.

Эрнест Хемингуэй 1899-жылы 21-июлда Чикагонун жанындагы Оук-Парк деген шаарчада врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Анын дүйнөлүк адабий даңкы 1926-жылы жарыяланган "Күн да чыгат" ("Фиеста") деген биринчи романынан улам башталган. Эрнест Хемингуэй 1954-жылы "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон.



2-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.