6-июлга чейин Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында жарык өчөт

Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 6-июлга чейин Бишкектин жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, эртең, 5-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад, Бурулдай, Талды-Суу көчөлөрүндө, Жал кичи районунда жарыкка чектөө киргизилет.
Ал эми 6-июлда №603, 298, 3077, 311, 2916-көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев, Киев көчөлөрүндө жарык өчөт. Мындан сырткары Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында (№1-5; 93-201-көп кабаттуу үйлөрдө, Алматы көчөсүндөгү №293-471-үйлөрдө) жарык өчөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.