super.kg logo

Жылнаама, 7-июль: Мындан 4 жыл мурун Түркмөнстанда аскер бөлүгүнүн кампасы ысык аба ырайынан улам өрттөнүп кеткен

 
* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы кыргыздын туңгуч профессионал оператору Марлес Туратбеков туулган. Марлес Туратбеков - даңазалуу ВГИКтен билим алып, кинооператор адистигине ээ болгон алгачкы кыргыз оператору. Ал “Караш-караш окуясы”, “Көчө”, “Жура” сыяктуу 30дан ашуун тасма жараткан.
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын экс-муфтийи Мураталы ажы Жуманов 37 жашында ашказан рагынан улам көз жумган. Ал 8-июлда Ноокат районундагы туулган айылы Ынтымакта жерге берилген.
 
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы түштүк кореялык актёр Ким Сан Бом төрөлгөн. Ал тартылган тасмалар: “Мыкты жигиттер”, “Турмушка чыккысы келген айым”, “Түш”, “Бейиштен Чыгышка карай”, “Олуттуу айымдар” ж.б.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Түркмөнстандын Абадан шаарына жакын жерде жайгашкан аскер бөлүгүнүн кампасы ысык аба ырайынан улам өрттөнүп кеткен. Жарылуудан снаряддар 30 чакырым алыстыкка чейин учушкан. Бийлик жарылуунун кесепетинен 15 киши өлдү деген менен, укук коргоочулар 1300дөн ашуун киши өлдү деп билдиришкен.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы "Талибандын" согушкерлери Кабулдагы Индиянын элчилигине кол салышкан. Чабуулдун натыйжасында 58 киши өлүп, 100дөн ашуун адам ар кандай жаракат алган.
7-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: