“Кванжу-2015” Универсиадасы: Түштүк Корея 15 алтын менен лидерликте баратат, кыргыз спортчулары медаль ала элек

3-июлда Түштүк Кореянын Кванжу шаарында Жайкы Универсиада оюндары старт алды. 14-июлга чейин созула турган мелдешке 146 мамлекеттин 13 миңге чукул спортчусу катышууда. Анда 21 спорт түрүнөн 272 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, учурда мелдеш кызуу уланууда жана алгачкы күндөн тарта Азия өлкөлөрү мыктылыгын көрсөтүп, алдынкы үчтүккө чыгышты. Мелдештин 5-күнү өтүп жатат жана азырынча кыргыз спортчуларынын эсебинде медаль жок.
Медалдардын көрсөткүчү боюнча бул 5 команда алдынкы орунду ээлеп келүүдө:
Орун Өлкө Алтын Күмүш Коло Жалпы
1 Түштүк Корея 19 11 10 40
2 Япония 11 11 15 37
3 Кытай 11 7 6 24
4 АКШ 9 5 8 22
5 Орусия 8 15 12 35Кыргыз мамлекетинин намысын коргоо үчүн аталган мелдешке өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын 23 студенти аттанган. Алар дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси сыяктуу спорт түрлөрүнөн бактыларын сынашмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Nuranna_93_kg

08.07.2015. 00:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик мекендештерибизге!!!
uefamif

08.07.2015. 01:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик мекендештерге! Алга Кыргызстан!
Rasul_Rahmanaliev

08.07.2015. 20:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түштүк Корея кыйынго((((Кыргызстан алга!!!Биздикилер качан чыгат?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.