super.kg logo
  Спорт  

Лионель Месси Аргентина курамасында убактылуу ойнобой калышы мүмкүн

 

Дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Лионель Месси улуттук курамада убактылуу ойнобой калышы мүмкүн. Мындай божомолду чет элдик маалымат булактары кабарлап жатат.

Маалыматка ылайык, оюнчу мындай чечимди өз дарегине айтылган сындардан улам кабыл алышы мүмкүн. Аргентина курамасы Дүйнө чемпиондугунун финалында утулганын көпчүлүк кадимки көрүнүш катары кабыл алып келген. Ал эми Америка Кубогунун финалында Месси баштаган аргентиналыктар Чили курамасына утулган соң оюнчу катуу сынга кабылды. Ушундан улам Лео сентябрдагы жолдоштук беттештерде жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда бир катар оюндарга чыкпай калышы мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, “Альбиселесте” деген каймана атка ээ болгон Аргентина курамасынын 28 жаштагы лидери улуттук курам үчүн 103 оюн өткөрүп, 46 ирет айырмаланган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
09.07.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойнойт буйруса, ойногондо да эми катуу ойнойт. Сынга сынса анда чыныгы легендага айланбай калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: