Дүйшөмбиев: "Бишкекте 900 балдар аянтчасы бар, бирок алардын жарымы гана каттоодон өткөн"





Бишкекте 900 балдар аянтчасы бар, бирок алардын жарымы гана каттоодон өткөн. Мындай маалыматты бүгүн, 8-июлда Бишкек мэриясынын кезектеги жыйынында вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев билдирди. Анын айтымында, 450 балдар аянтчасынын гана ээлеген жер тилкеси белгиленип, каттоого алынган.
“Каттоого алынбаган балдар аянтчалары кийин кандайдыр бир курулуш башталганда жер талаш маселесине туш болот. Мындай маселелер болбош үчүн баары мыйзам түрүндө бекитилиши зарыл”,- деди ал.
Кошумчалай кетсек, быйыл Бишкектеги 30 балдар аянтчасы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мындай иштерге 500 миң сом каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.