super.kg logo

Жылнаама, 9-июль: Мындан 13 жыл мурун Англияда жасалма жол менен бойго бүтүрүүнүн негизинде ак түстөгү жубайлардын үй-бүлөсүндө кара терилүү бала төрөлгөн

 
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Кыргыз Республикасында “Ар-намыс” партиясы уюшулган. Партиянын уюштуруу курултайы "Россия" кинотеатрында өтүп, анын ишине 842 делегат катышкан. Курултайда партиянын саясий кеңеши, ревизиялык комиссия жана “Ар-намыстын” төрагалыгына Феликс Кулов шайланган.
 
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы америкалык актёр жана продюсер Том Хэнкс АКШнын Калифорния штатындагы Конкорд шаарында төрөлгөн. Том Хэнкс "Филадельфия" (1993), "Форрест Гамп" (1994) тасмаларындагы ролдору үчүн эки ирет "Оскар" сыйлыгына арзыган. Актёрлуктан сырткары режиссёрлук менен да алектенген Том Хэнкстин эң кирешелүү тасмасы "Код да Винчи" (2006) болгон. 
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы орусиялык актёр Дмитрий Дюжев Орусиянын Астрахань шаарында туулган. Бала кезинен эле киного тартылганды жакшы көргөндүктөн, ата-энеси аны атайын өзгөчө таланттуу балдар окуган мектепке киргизишкен. Дима 1995-жылы мектепти, андан кийин Москвадагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктаган соң, Жаштар театрына алынган. Дмитрий Дюжев 2000-жылы Александр Атанесяндын "24 часа" тасмасында дебют жасаган. Ал эми актёрго атактуулукту "Бригада" тасмасындагы ролу алып келген.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Англияда жасалма жол менен бойго бүтүрүүнүн негизинде ак түстөгү жубайлардын үй-бүлөсүндө кара терилүү бала төрөлгөн. Буга дарыгерлердин пробиркаларды алмаштырып алуусу себеп болгон.
9-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.07.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы ак терилуу адамдардын кара терилуу балалуу болгондуктары жасалма уруктандыруудан болгону анык болгон менен негедир маган жылмаю жаратты. Келекелеген жокмун туура тушунунуздор.
08.07.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калуудан эстери ооп калган болсо керек,аппак эмчекти капкара бобок эмип атса. Негрлердин да бир туру бар го айрыкча,пандап кеткендей жашыл сыя тарткан тустогу))
08.07.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан ошол кара терилуу баланы не кылышты экен???
09.07.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротунмда илип койсонор го
09.07.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм мага да кызык болуп жатат. Ал баланы оздору чонойтушту болду бекен же...
airwater түзөттү 09.07.2015 12:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: