Түштүк Кореядагы кыргыздардын 90 пайызы эркектер
Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарынын 90 пайызы өнөр жай ишканаларында иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борборунун жетекчиси Нурдин Тынаев билдирди. Анын айтымында, андагы мигранттардын 10 пайызы балык чарбасы менен алектенишет. “Кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү айнектен, темирден жасалган буюмдарды чыгаруучу жайларда иштешет, ошондуктан Түштүк Кореядагы кыргыздардын 90 пайызы эркектер”,- дейт Тынаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

