Жылнаама, 11-июль: Мындан 2 жыл мурун Кытайда сактоо мөөнөтү 46 жыл мурун бүткөн 22 тонна тоок эти колго түшүрүлгөн

Тарыхка кайрылсак, илгери ацтек жана майя элдери какао дандарынан ачуу суусундукту даярдап, күнүмдүк тамак катары ичишкендиги айтылат. Кийинчерээк, XVI кылымдын ортосунда кечил илимпоз Бенцони Испаниянын падышасына дал ошол суюк шоколаддын пайдасы тууралуу баяндама даярдайт. Падыша маалыматты уккан соң, аны мамлекеттик сыр деп жарыялайт. Ал сырды кимде-ким сыртка чыгарса, башы алынган делет. Көптөгөн жылдар бою шоколад бай адамдардын гана тамагы катары эсептелип келген. XIX кылымдын аягында гана кондитерлер шоколадды жасоонун ыкмасын ачыкка чыгарышат. Ал эми XX кылымдагы кумшекердин кескин арзандашы таттуу даамдын карапайым элге кеңири жайылуусуна өбөлгө түзгөн.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы сүрөт чыгаруучу америкалык “Полароид” компаниясы банкрот болгонун жарыялаган. Аталган концерндин карызы ошол жылга карата 1 миллиард долларды түзгөн.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы канадалык мушкер Артуро Гаттинин сөөгү Бразилиянын Порту-де-Галиньяс курорттук шаарында табылган. Алгач өлүмгө шектүү деп анын жубайы Аманду Родригести кармашкан, анткени мушкердин жанында андан башка киши болгон эмес. Бирок Амандуга каршы айыптар жетиштүү болбогондуктан, ал бошотулган. Кылмыш иликтөөчүлөр канадалык мушкер, Дүйнөнүн экс-чемпиону Артуро Гаттинин өлүмү боюнча изилдөө иштерин аяктап, "өз жанын кыйды" деген тыянакты четке кагышкан. “Табылган абалы "өзүн өлтүрдү" дегенге коошпойт” дегенден башка шектүү илинчек таба алышкан эмес.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Кытайдын полициясы Гуанси-Чжуан автономиялык районунда вьетнамдык контрабандачылардан сактоо мөөнөтү мындан 46 жыл мурун аяктаган 22 тонна тоок этин колго түшүргөн. Кармалган товар тооктун моюндары менен сандары болгон жана алардын сактоо мөөнөтү 1967-жылы эле бүткөндүгү аныкталган. Бул тоок эттери көп жолу химиялык кошулмалар аркылуу иштелип, бактериялардан арылып жана товардык көрүнүшүн сактап турган. Бул контрабандачыларды кармоо операциясы 2013-жылдын май айында эле башталып, июлда гана жыйынтык берген.



11-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
jetinur90

10.07.2015. 22:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо,не деген укмуш кылмыштар жуз беруудо дуйнодо.
Medina87

10.07.2015. 23:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2013 тогу бул тоок эти тууралуу кабарыныздардан толук кабарым бар......
Gulnaz.GS

11.07.2015. 06:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооктун этин да жебеш керек эми.КГ да канчасы жеди экен бул эттен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.