Жылнаама, 12-июль: Мындан 71 жыл мурун театр жана кино артисти, КРнын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева төрөлгөн

Таттыбүбү Турсунбаева мамлекетибиздин эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны жергебизде "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.
* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы кыргыз жеринде уюлдук телефон биринчи жолу шыңгырап, ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору "КАТЕЛ" (Кыргыз-Америка телефону) болгон.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы түштүк кореялык актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон Сеулда туулган. Ал Ханян университетинин француз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон “Ва-банк” сериалынан кийин белгилүү болгон. Ал корей, англис, француз жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.
* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы америкалык актриса Мишель Родригес АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарында туулган. Актрисага атактуулукту "Остаться в живых" жана "Форсаж" тасмаларындагы ролдору алып келген. Андан сырткары "S.W.A.T.: Спецназ города ангелов", "Обитель зла", "Аватар", "Мачете" фильмдеринде да тартылган.


Голливудда “Кобранын секириги” деген тасмасы менен дебютун баштаган. Ли Бён Хон алгачкы жолу 1991-жылы кино чөйрөсүнө кадам таштап, башка тармактарда да ийгиликтерди жарата алган. Алсак, ал спорттун таэквондо түрү менен машыгып, мактанарлык натыйжаларга жетишкен. Ли Бён Хон “Жан дүйнөмдүн музыкасы”, “Бирге бактылуу”, “Эртеңки махабат” сыяктуу тасмаларда да роль жараткан.

12-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rifle

12.07.2015. 16:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апамын суроту го: ))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.