super.kg logo

Жылнаама, 14-июль: Мындан 46 жыл мурун Сальвадор менен Гондурастын ортосунда 6 күнгө созулган чыр-чатак - "Футбол согушу" башталган

 
* Мындан 105 жыл мурун, 1910-жылы америкалык мультипликатор Уильям Ханна төрөлүп, 2001-жылы 22-мартта 90 жашында Лос-Анжелесте каза тапкан. Уильям Ханна менен аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан. Америкалык мультсериал 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана кейипкерлердин атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбера каза таап, бирок алардын сериалы узак убакытка шедеврге айланган.
 
* Мындан 102 жыл мурун, 1913-жылы АКШнын 38-президенти, мамлекеттик ишмер Жеральд Форд АКШнын Небраска штатындагы Омаха шаарында туулуп, 2006-жылы 26-декабрда 93 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Форд Американын шайлоо аркылуу эмес бийликке келген жалгыз президенти. 1974-жылы президент Ричард Никсон "Уотергейт" чатагына байланыштуу кызматтан кетип, анын ордун ошол кезде вице-президент болуп турган Жеральд Форд ээлеген. 1976-жылы Форд президенттик шайлоого Республикалык партиянын талапкери катары катышкан, бирок демократ Жимми Картерге уттуруп койгон.
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы Сальвадор менен Гондурастын ортосунда 6 күнгө созулган чыр-чатак ("Футбол согушу" деген ат менен белгилүү) башталган. Анын чыгышына футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо баскычында Гондурас командасынын жеңилип калышы себеп болгон. Бул кыска убакыт ичинде эки тараптан 2 миңдей (кээ бир маалыматтар боюнча 6 миң) адам каза болгон.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Японияда күндүн ысыгынан 17 адам өлүп, 7 миң адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен үчөөсү оор абалда болгон. Ысыктан негизинен жашылча-жемиш бакчаларында иштеп жаткан кары-картаңдар жапа чегишкен. Аталган өлкөдө абанын күндүзгү температурасы 37°C болгон.
14-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.07.2015. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде 41 градус болуп жатат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: