Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан айдоочу оор жаракат алып, апасы каза тапты
Бишкек-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 13-июль күнү болгон. Анда 1967-жылы туулган Койчуман Асанов башкарып бара жаткан Део Ланос үлгүсүндөгү унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочунун апасы, 1940-жылы туулган Жакил Асанова каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.