super.kg logo
  Саясат  

Эки министрлик долбоор даярдоодо: Маданият өкүлдөрү мектептерде мастер-класс өтүшү мүмкүн

 
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги мектептер боюнча бирге иштешүүнү көздөп жатышат. Бул боюнча министрлер Алтынбек Максүтов менен Эльвира Сариева сүйлөшүү жүргүзгөнүн бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Бирге иштешүүнүн максаты - жалпы билим берүүчү мекемелерде таланттарды колдоо жана маданиятты өнүктүрүү. "Бул боюнча атайын долбоор даярдалууда. Анда мектептерде күзгү жана кышкы каникул учурунда мастер-класстарды өтүүгө, окуучулардын катышуусунда көргөзмө, спектакль, концерт жана театралдык көрүнүштөрдү даярдоого маданият өкүлдөрүн тартуу демилгеси каралган",- деп билдирет министрлик.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: