Бактыбек Кудайбергенов Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды

Бактыбек Кудайбергенов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 14-июлда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Б.Кудайбергенов 2012-жылдан бери Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун акими кызматында иштеп келген.
Айта кетсек, Чүй облусун буга чейин жетектеп келген Канатбек Исаев жакында кызматтан бошотулган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

