ТИМ: "Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун АКШ тарабынан сыйланышы өлкөлөрдүн мамилесине доо кетирет"

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 15-июлда ушундай мазмундагы билдирүү жасады. ТИМ АКШнын аталган сыйлыгы бөтөнчө эрдиги жана адам укугун коргоо ишинде лидерлик сапаты бар уюмдарга же адамдарга берилерин, аталган критерийлерге А.Аскаровдун ылайык келиши талаш жаратарын белгилейт.
"Анын 2010-жылкы улуттар аралык кагылышуудагы аракеттерин тынчтыкты сактоо же адам укугун коргоо деп баалоого болбойт. Кыргыз мамлекетинде А.Аскаровду киши өлтүрүүгө катышкан кылмышкер жана улуттар аралык жаңжалдын активдүү катышуучусу деп билишет. Буга байланыштуу анын жогорку сыйлыкка ээ болушун Кыргыз Республикасы өлкөдө улуттар аралык ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө каршы багытталган аракет деп баалайт",- деп билдирет министрлик.
ТИМ А.Аскаровдун Июнь окуяларындагы аракеттерин, ошол учурда Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош трассасын тосууну уюштуруучулардын бири экенин, анын катышуусунда милиционер М.Сулайманов өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, өрттөлгөнүн эскертти.

Тышкы иштер министрлиги АКШнын улуттар аралык теманы пайдалануу менен жасаган кадамдары эки тараптуу мамилелерге олуттуу зыянын тийгизерин белгилейт.
"Жалпы демократиялык баалуулуктардын негизинде көп жылдык кызматташууну, кийлигишпөө жана суверенитет принциптерин урматтоону көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасы Америка тараптын мындай чечимине нааразычылык билдирет",- дейт ТИМ.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр ал абакта. Жакында кыргыз жериндеги укук коргоочу уюмдардын бири А.Аскаровдун катуу ооруп жатканын айтып, аны эркиндикке чыгаруу тууралуу билдирүү жасады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

