super.kg logo
  Спорт  

Жайкы трансферлер-2015: Касильяс, Пирло, Робин ван Перси, Тевес жана Аршавин сыяктуу "ардагерлер" команда алмаштырышты

 
Испаниялык 34 жаштагы дарбазачы Икер Касильяс "Реал" менен коштошуп, португалиялык "Порту" менен 2 жылга келишим түздү.
Кезинде лондондук "Арсеналда" ойноп, орусиялыктарды кубанткан Андрей Аршавин 34 жашка чыгып, мурунку калыбын эбак жоготкон. "Зенитке" кереги жок катары саналган футболчу орусиялык "Кубань" клубу менен 1 жылга келишим түздү.
Англиялык "Манчестер Юнайтед" быйыл трансфер кылууда өтө активдүү болууда. Клуб "Бавариянын" "көлөкөдөгү" лидерлеринин бири Бастиан Швайнштайгерди курамына кошуп алды. Бул үчүн клуб "Баварияга" 20 миллион евро төлөдү.
Акыркы сезонду "Манчестер Юнайтеддин" курамында өткөргөн колумбиялык футболчу Радамель Фалькао эми "Челсиде" ойномой болду. 29 жаштагы футболчунун лондондук клубда мыкты ойноп кетерине ишеним арткандар да бар, ишенбегендер да бар. Ал жаңы клубунда №9-катар саны менен ойной турган болду.
"Ювентусту" акыркы сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына алып чыккан Карлос Тевес Европа менен кош айтышты. Ал карьерасын аргентиналык "Бока Хуниорсто" улантат. Трансфердин суммасы 6,5 миллион еврону түздү.
Түркиялык "Фенербахче" футболдук клубу акыркы Дүйнө чемпиондугунда ойногон футболчулардын бирин курамына кошуп алды. "Манчестер Юнайтеддин" 31 жаштагы чабуулчусу Робин ван Перси түркиялык клуб менен 3 жылга келишим түздү. Трансфердин баасы 6,5 миллион евро.
36 жашка чыкканына карабай мыкты футбол көргөзүп келген италиялык Андреа Пирло карьерасын АКШнын “Нью-Йорк Сити” клубунда улантат.
Футболдун казаны кайнаган Европада жай айларындагы башкы окуялар трансферлерге байланыштуу болот. Учурда бир катар командалар курамдарын жаш футболчулар менен толуктап, жаңы сезондо жаралчу ийгиликтин камын көрүп жатышат. Быйылкы трансферде карьерасынын жыйынтыкталарына аз калган ардагер футболчулардын клуб алмаштыруусу көп катталууда. Мисалдарды төмөнкү сүрөттөрдөгү комментарийлерден окуп алсаңыз болот. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.07.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фалькао ачылабы дейм Челсиде...Мауриньо билет кимди алышын...Диего Костаны ащып отот го Радамель...)
15.07.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iker kasillas Mykty darbazachy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: