super.kg logo

Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам 1-10-июль күндөрү Бишкекте 52 өрт кырсыгы катталды

 
Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам 1-июлдан 10-июлга чейин Бишкек шаарында 52 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен 38 өрт кырсыгында кураган чөп, таштандылар күйгөн. Кырсыктар тамеки тартуудагы жана отко болгон этиятсыздык мамиледен келип чыгууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспектору, улук лейтенант Т.Өмүрбаевге шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми 6 ай ичинде борбор калаада 347 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген чыгым 21 140 879 сомду түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга азайган. Өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 1 адам күйүк алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: