Футзал боюнча өлкө чемпиону “Эмгек” командасы Азия чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн Иранга жөнөп кетти

Футзал боюнча акыркы сезондо өлкө чемпиондугун утуп алган "Эмгек" клубу Азия чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн Ирандын Тегеран шаарына жөнөп кетти. Азия биринчилиги 31-июлда старт алып, 7-августта жыйынтыкталат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, команда Бишкекте да 2 апта машыгуу сборун өткөрдү. 23 оюнчунун ичинен 12 оюнчу тандалып, Иранга жөнөдү.
Кошумчалай кетсек, "Эмгек" командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында Өзбекстандын чемпиону "Локомотив" жана Япониянын чемпиону "Нагоя Оушенз" менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Тиги казак боордоштортун котормосу абдан суктандырды. Биз да Манас эл аралык аба жайы же Ош эл аралык аба жайы деп бадырайтып жазып,чыкыйтып шарты тузуп койсок сооонун болмок!