super.kg logo

Орусиядагы кыргыз мигранттары шайлоодо "Ата Мекен" партиясын колдошорун билдиришти

 

Бүгүн, 21-июлда Орусиянын Борбордук, Батыш, Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш округдарында жашаган мекендештердин башын бириктирген 29 коомдук уюмдун жана кыргыз диаспораларынын лидерлери күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдошорун билдиришти. Алар тараптан 5 талапкер "Ата Мекен" партиясынын катарында шайлоого катышарын маалымдашты. 

"Советтер Союзу кулаган соң, өлкөбүздүн жүз миңдеген жарандары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жан багуу үчүн чилдей тарап кетишкен. Бул жылдар аралыгында алгач барган жердештерибиз өздөрүнүн жашоо-тиричилигин оңдоого, жаңы турмуш курганга да жетишкен. Эми биздин ишибиз, үйүбүз бар, көбүнүн ишкердиги да өнүгүп жатат. Республиканын кирешесинин сезилерлик бөлүгүн Орусияда иштеген мигранттардан чегерилген акча каражаттары түзөрүн коомчулук билет. Ошол агылып келип жаткан кирешелердин максатсыз пайдаланылып жаткандыгы бизди өкүнтөт. Биз азыр кыргыз өкмөтүнөн бир гана нерсени сурап келүүдөбүз - бул мигранттардын турмуш-тиричилигин жакшыртууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып берүү",- деди Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмесинин төрагасы Алишер Маданбеков.

Жыйындын катышуучуларынын бири "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги" уюмунун төрагасынын орун басары Таалай Мустапакуловдун айтымында, мигранттар ар кандай формада мыйзамдык деңгээлде жардам берүүсүн өтүнүп кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан. Андан сырткары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Жогорку Кеңешке бир нече ирет кайрылышкан, бирок натыйжа чыккан эмес. 

"Биз кош жарандуулук маселесин көтөрдүк, анткени Орусиядагы каралган чаралардан улам 200 миңден ашык мигранттар эки анжы абалда калышты. 4 жыл мурун биз Жогорку Кеңештин фракция лидерлерине кайрылганга аргасыз болдук. "Ата Мекен" фракциясы гана жооп кылып, кош жарандуулук боюнча мыйзам долбоорун демилгелесе, парламент колдобой койду. Биздин көйгөйлөр көп, айрыкча мигранттардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар зарыл. Бул маселелерди чечүүдө саясат абдан маанилүү орунда турат. Ошондуктан бизге Орусиядагы кыргыз диаспоралары үчүн күзгү шайлоолордо кимдин жеңери абдан маанилүү. Жасаган ишин, убадага бек турушун, мигранттарга жардам бере ала тургандыгын карап туруп биз, 200 миңден ашык кыргыз жарандарынын башын бириктирген 29 уюмдун башчылары, шайлоодо "Ата Мекен" социалисттик партиясын колдоону чечтик",- дейт Орусиянын Сибирь округундагы "Мекендештер" конгрессинин өкүлү Бекболот Курманбаев. 

Төмөнкү коомдук уюмдар, фонддор жана диаспоралар "Ата Мекен" социалисттик партиясынын чечкиндүү кадамдарын баалап, күздө өтүүчү парламенттик шайлоодо колдоону чечишкен: "Кыргыз биримдиги" (Балашиха), "Кыргызстандык ишкерлер биримдиги", "Мекенчил жаш", "Аксакалдар кеңеши", Кыргызстандын эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук бирикмеси, "Санат-Ордо", "Мекендештер", "Биримдик", Псков, Ярославль, Вологод, Калининград, Волгоград, Магадан, Рязань облустарындагы, Приморья крайындагы кыргыз диаспоралары, "Кыргызстан аялдары", "Соотечественники-Мекендештер", "Кыргыздар союзу" (Чита шаары), "Ала-Тоо" (Бурятия), "Дружба" (Иркутск шаары), "Менин Кыргызстаным - Мой Кыргызстан" (Абакан шаары), "Жергиликтүү кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Новосибирск шаары), "Достук" (Тыва Республикасы, Кызыл шаары), "Жергиликтүү Кыргыз улуттук-маданий автономиясы" (Томск), "Содружество кыргызстанцев" улуттук-маданий уюму (Омск), Мигранттардын "Манас-Ата" борбору (Новокузнецк шаары). Ошондой эле өздөрүнүн 5 талапкери менен "Ата Мекендин" катарында күзгү парламенттик шайлоого аттанышты. 

Жыйындын жүрүшүндө жаш талапкер Темирлан Бекботоев: "Азырынча биздин идеяларды ар тараптуу колдогон бир гана "Ата Мекен" партиясы болду. Кош жарандуулук боюнча мыйзамды талкуулоо учурунда "Ата Мекен" фракциясы мигранттарга барып талкуу өткөргөн жалгыз фракция болгон. Биз "Ата Мекендин" катарында кыргыз парламентине өтүп келип, кыргыз мигранттарынын маселелерин ар тараптуу чечүүгө бел байладык. Бул жагынан бизге "Ата Мекен" партиясы көмөк көрсөтөрүнө ишенебиз",- деди ал.

Азыр кыргыз жеринде миграция маселеси курч турат. Лидерлердин айтымында, азыр зарыл мыйзамдардын жоктугунан кыргыз өлкөсүнүн 200 000ден ашык жарандары 2 мамлекеттин тең атуулу эмес болушуп, арсар жашоо кечиришүүдө. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде биздин жарандардын укуктары кеңейиши керек, ошого жараша мыйзамдарды кабыл алуу жаңы Жогорку Кеңештин милдети болуп эсептелет. "Ата Мекен" социалисттик партиясы бул багытта азыртадан эле алгылыктуу иштерди аткарууга киришти. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(48)
21.07.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Партия болбсон кое кал. "Ата Мекен" арашын кенен жайган го! Элге иштесен, элден кайтат деген ушул белем, кайран "атамекенчилер" "Кош жарандуулук" боюнча мыйзам долбоорун токуп, россиядагы мигранттардын женилин жерден, оорун колдон алууга аракет кылды, негедир парламент колдобой койду. Эй депутат туугандар ал жакта биздин балдар журбойбу. Эми Текебаевди жакшы тушунглн россиялык кыргыздар арбыптыр, аганарды колдогула, ошондо россиядагы, башка мамлекеттердеги мигрант жашоосу онолот, азаматтар экен!
22.07.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
BiTiSHKa, Ооба ооба сен туура айтып жатасын биз Ата-Мекен партиясын колдойбуз бут Россия Ата-Мекенди колдойт. Эмки бийлик кезеги не СДПК а Ата-Мекенцы Эли жери учун куйгон жалгыз партия ушул партия экенине ишенип калдым.
21.07.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0



Атамбаев отурат кайра эле .
21.07.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
312-banda,козун ачылып калганга, кеп азыр "Ата Мекен" жонундо журуп жатат.
21.07.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Биздин кошунабыз СССР кулаганда кетип, азыр Россиянын жараны, откондо айылга жардам берейин десе, орус жараны экенсин, мыйзам боюнча алалбайбыз деп акча каражатын албай, капа болуп кетти Россиясына. Ошондуктан "Ата мекен" демилгелеген "Кош жарандуулук" мыйзамын жаны келген пардамент кабыл алышы керек. Ал учун депутаттар "Ата Мекенден" арбын болуш керек, ошондуктан россиянын, Казакстандын бардык мигранттары Ата Мекенди колдош керек. Росииядан келген тиги жигиттерге данк жана дунк!
21.07.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Polat,кыргыздын кайда болбосун кыргыз бойдон калганы мени кубантты. Алды кеткенин 20 жылдан ашса да моминтип туулган жерлеринтойлоп мамлекетибиз онуксун деп келип жатканы кубантат. Анан кантип биз алардан мыйзамдарды айайбыз, мигранттарды колдош керек.
21.07.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Евразескпе толук кирген сон, укуктарыбыз тенелет, ошондо да кыргыз жарандарын коргоо зарыл. Балдарыбыз кыргыз тилин унутпай, орус жана башка тилдерди жакшы билиш учун камкордук дагы корушубуз керек. Ушул багытта дагы "Ата Мекен" жакшы иштерди аткарат деген зор ишеним бар. Откондо эле "Ата Мекен" ички мигранттар болгон уй куруучулар дын зор армиясын катарына кошту эле, эми тышкы мигранттардын ири армиясын канатына калкалап жатат. Демек, партиянын ишмердиги алыстагы мигранттарга да жагып жатыптыр.
21.07.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
качан болот шайлоо биз шайлабай эле калып кетебизби
21.07.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык эле мигранттар шайлабайтда ата-мекенди
21.07.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ,мен силерден кара тизме боюнча сурайын дедим эле,ФМСтин интернет баракчасынан мурунку куну озум жонундо маалымат карасам кара тизмеден чыккан деген жооп келди эле,бугун текшерсем кайра кара тизмеге кирип калыпмын,бул кандайча???Кимге кайрылсам болот???
22.07.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nazira1989, Силер озунор каяктасынар?эгерде КРга кетип ал жакта 1,5жылдан ашык жургон болсонор чыгарат списоктон. Кайра дагы текшерип коргуло?
22.07.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, саламатсызбы!
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылып көрсөңүз.
21.07.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда жазылгандарды окуган жокмун, бирок мен ата мекенди колдойм
21.07.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Мекен алга!!! Бул партия шайлоодо женишке жетишсе Кыргызстанда зор онугуулор болот!
Анткени булар чыныгы карапайым элди кобуроок ойлошот,чыныгы демократия орноп адамдардын укугу тенелип бирдей болуп калат...Ошондо депутат министирин да жонокой дыйканга да мыйзамдар бирдей иштеп калат буйурса!Анан да Улуттар Биримдиги партиясы менен бириккени чон жетишкендик болду,себеби калын эл Мырзакматовдун тёишин баалашат жана ал кишини колдошот! Ийгилик силерге ылайым шайлоодо женишке жеткиле!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: