Данияр Нарымбаев 2 айга камакка алынды
Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз билдирди.
Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка камакка алынган эле. Экс-чиновник "Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берүүнү убадалап, анын жакындарынан ири суммада пара алган" деп күнөөлөнүүдө. Бул чуулгандуу окуя менен кененирээк бул жактан тааныша аласыз.
Автор: Автандил Добулбеков

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Азыр болсо эмнегедир конумуш эле адаттай болуп баратат.