Темир Сариев хиджаб менен паранжы кийүүгө каршы пикирин айтты

"Кыргыздар эч качан хиджаб менен паранжы кийген эмес",- деп айтты премьер-министр Темир Сариев. Өкмөт башчы мындай пикирин бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министрлигинин 2015-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган ишинин жыйынтыгына арналган отурумда билдирди.
Ал хиджаб жана паранжы кийгенди токтотуу керектигин баса белгиледи. "Биздин өлкө жаңыдан бутуна туруп жатат, биз экстремисттик күчтөр менен күрөшө албайбыз. Алар кыргыз жеринде гана эмес, бүткүл өлкөдө күч жыйнап алышты. Алар башка салтты мажбурлап жатышат. Биздин өзүбүздүн салтыбыз бар. Хиджаб жана паранжы кийүүнү токтотуу керек",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:52
2025-07-11
13:11
2025-07-11

Рейтинг:
4

Башка колдонуучуларды кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык гана билдирүү жазууга укугу бар!
Бул жердеги ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ "сөздөрүнө" көңүл бурбаңыз.
Тескерисинче, билекти түрүп, темирдей тартип орнотуп, айтылгандарды ишке ашырыңыз. Сизге ийгилик!
А биздин озубуздун улуттук кийимибиз бар. Ошону кийгиле да аябай эле правильная корунгунор келсе.
Костюм шым эле кийип журо бергиле.Хиджабды ХХХ киет.