Жылнаама, 30-июль: Мындан 68 жыл мурун “Терминатор” тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер туулган

* Мындан 85 жыл мурун, 1930-жылы Уругвайда футбол боюнча алгачкы Дүйнө чемпиондугунун финалы "Сентенарио" стадионунда, Монтевидео шаарында өткөн. Беттеште Уругвай менен Аргентинанын курамалары ойноп, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсеби менен утуп алган. "Сентенарио" стадиону атайын ушул беттеш үчүн курулган. Мелдеш жергиликтүү убакыт менен саат 14:00дө башталган. Трибунада болжол менен 60 миң уругвайлык жана коңшу Аргентинадан кемелер менен сүзүп келген 20 миң аргентиналык күйөрман болгон. "Селестенин" капитаны Хосе Насасси Дүйнө кубогун көтөргөн алгачкы капитан болгон.


Чоң спортко жолу ачыла электе эле ар бир күнүн дене тарбия көнүгүүлөрү менен баштаган. Ал эми 1961-жылы атактуу культурист Курт Марнул (“Австрия мырзасы”, “Европа мырзасы” титулдарынын ээси) менен таанышкандан кийин бодибилдинг менен машыгууну чечкен. Алгач спорттун бул түрүнө түз эле кирип кетүү мүмкүн эмес эле, анткени Арнольд өтө эле арык жана бою узун болгон. Кичинекей кезинен күжүрмөн, эмгекчил жаш спортчу жумасына жети күн 3-4 сааттан машыккан.
1973-жылы бодибилдингден кетип, кино дүйнөсүнө бет алган. Көп узабай “Темирди терметип”, “Сан-Франциско көчөлөрү”, “Акмак”, “Ачка кала бер” фильмдери биринин артынан бири эл алдына тартуулана баштайт. Мында Арнольд анча байкалбаган ролдорду жараткан. Чыныгы дүйнөлүк атак-даңкты багындырууга 1982-жылы чыккан “Конан-Варвар” фильми жардам берген. Бир аз убакыттын ичинде Голливуд жылдызына айланган актёр Арнольддун катышуусунда “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы” жана эң популярдуу кинолордун бири “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн” чыгарылган. Кийинки жылдары чыккан жана хитке айланган кинолору: “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” жана башкалар. Булардын ар биринен 30 миллион доллардын тегерегинде киреше тапкан.
1986-жылы “Чуркаган адам” фильмине тартылуу убагында АКШнын мурунку президенти Кеннединин жээни, тележурналист Мария Шрайверге баш кошкон. Атактуу саясатчынын үй-бүлөсүнө кошулуудан Арнольд жаңыча жолго түшкөн. Ал саясат дүйнөсүнө аралашып, 1990-жылы Американын президенти Буштардын улуусу Арнольдду дене тарбия жана спорт боюнча башкы кеңешчиси кылып дайындаган. Ал эми 2003-жылы 6-августта Арнольд расмий түрдө Калифорниянын губернаторлугуна ат салышарын айтат. Көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон актёр губернатордун тактысына отурары менен эле киного тартылууну азайткан. Өз шайлоочуларынын колдоосуна ээ болуп, Арнольд Шварценеггер 2006-жылы ошол эле ордуна экинчи ирет шайланган.

киносыйлыктардан сырткары Франциянын эң бийик наамы деп эсептелген Легион Ардак ордени менен сыйланган.
30-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
1

Комментарийлер(2)
Janybek.

30.07.2015. 02:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
клaссс
Aman97kg

30.07.2015. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.