Жылнаама, 31-июль: Мындан 11 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев 71 жашында каза болгон

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Коммунисттик партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. 1985-жылдан тартып Коммунисттик партияны жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, II даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.
* Мындан 70 жыл мурун, 1945-жылы КМШ өлкөлөрүн бириктирген “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу, шоумен Леонид Якубович Москвада төрөлгөн. Атасы инженер, энеси врач-гинеколог болгон. Леонид Якубович телевидениеге эч жакындабаган инженер-куруучунун окуусун бүтүргөн. 80-жылдардан тартып сулуулук сынактарын, ири кечелерди, чоң аукциондорду, музыкалык фестивалдарды алып барган. Телевидениеге келип “Поле чудес” телеоюнунун алып баруучусу жана “ВиД” телекомпаниясынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган.


2005-жылы, 24-ноябрь – КРнын Ички иштер министринин орун басары;
2006-жылы, 6-ноябрь – КРнын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
2007-жылы – Президенттин администрациясынын коргоо, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылы, январь – 2009-жылы – Нарын облусунун губернатору;
2010-жылы, 12-июнь – Ош облусунун ИИБ башчысы, 7 күн иштеген.

1985-жылы Каролинаны жаш артисттер сынагында белгилүү немис продюсери, “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен биринчи ирет көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштайт. Ушул эле жылы келишимге кол коюшуп, жаңы түзүлгөн топтун атын “Си Си Кетч” деп аташат. “С”, “С” – ырчынын атынын баш тамгалары, ал эми “Catch” болсо “хит идея” деген сөздүн синониминен алынган.

31-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

30.07.2015. 20:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апсамат Масалиев кыргыз элинин тарыхында чыгаан саясий ишмер катары оз ордун тапкан адам.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.