Жылнаама, 1-август: Мындан 141 жыл мурун кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү күч алган
* Мындан 141 жыл мурун, 1874-жылы Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү 1874-жылдын август айынын башында кульминациялык чегине жеткен. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыз Ала-Бука капчыгайы аркылуу Касан шаарына бет алган. Чартак жана Жаңы-Коргон чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафед-Булан кыштагына жашынышкан. Кыргыздар 1874-жылдын 1-августунда кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө-Коргонго качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен.
* Мындан 66 жыл мурун, 1949-жылы кыргыз өлкөсүнүн экинчи президенти, 2010-жылы 7-апрелде бийлик менен оппозициянын кандуу кагылышынан кийин өлкөбүздөн куулган Курманбек Бакиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан (Тейит) айылында туулган.
* Мындан 101 жыл мурун, 1914-жылы Австро-Венгрия Сербияга согуш жарыялаган соң, 31-июлда Орусия армиясынын мобилизациялоосун баштаган. Ошол эле күнү Германия Орусияга ультиматум койгон: армияга чакырууну токтотуу болбосо, Германия Орусияга согуш жарыялайт. 1-августта Германия Орусияга согуш жарыялап, эч кандай жарыясыз Люксембургга кол салган. 2-августта алардын аскерлери шаарды толугу менен басып алышкан. Ал эми 6-августта Орусияга Австро-Венгрия дагы согуш жарыялаган.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

2005-жылы 24-мартта элдик ыңкылап ишке ашып, ошол элдик ыңкылапты жетектеген лидер К.Бакиевди өлкөбүздүн эли президенттикке көрсөткөн. 2005-жылдын 14-августунда жалпы элдик шайлоодо 88,72 пайыз добуш менен К.Бакиев президенттикке шайланып, мамлекет башчысынын ыйгарымдарын аткарууга расмий түрдө киришкен. 2009-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев шайлоочулардын 85,48 пайыз добушу менен экинчи жолу президент болуп шайланган. 2010-жылы 7-апрелде анын бийликтен кетишин талап кылып карапайым эл көтөрүлгөн. 15-апрелде Убактылуу өкмөт менен Бакиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, ошол эле күнү Бакиев мамлекеттен чыгып кеткен.
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Сауд Арабия падышасы Фахд ибн Абдель Азиз ас-Сауд инсульттун кесепетинен көз жумган.

* Мындан 34 жыл мурун, 1981-жылы Америкадагы музыкалык MTV телеканалы иштей баштаган.
1-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
maks1980bishkek

31.07.2015. 20:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Куугунтукталган дегени менен кызыкда.
Artyr1994

31.07.2015. 20:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карапаыйым эл эмес азыркы бийликтегилер кетирген. Элди колдонуп
edik.toloikon

31.07.2015. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бакиев эркекче президент болгон азыркы Атамбаевге караганда
aziziko

01.08.2015. 00:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Достор Бакиев бар кезде аябай жыргап жашап башка олколор суктанып турбады беле бизге . Ушул жерде жазгандар унутпагыла Бакиев жана анын уй булоосу коп кишинин канын токту. Максим Бакиевди биз Кыргыз эли мин жакшы деп айткан кундо да чет мамлет коррупция боюнча жакшы эле тааныйт. Келгиле отконду унутпайлы . 20 жыл ичинде бир да президент жана бир да депутат Кыргыз эли учун иштеген жок . Ошол учун канча кыргыз Россияда кор болуп канчалаган биздин балдарыбыз эне мээримине зар болуп журушот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.