super.kg logo
  Саясат  

Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс берүү боюнча прокуратурага 309 материал жөнөтүлдү

 

“Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” мыйзамды аткаруу максатында Жазаларды аткаруу кызматы 30-июлда прокуратурага 309 материалды жөнөттү. Мунапыста кээ бир аялдарды жана жашы жете электерди жаза алуудан бошотуу каралса, айрымдарынын жаза өтөө мөөнөтүн кыскартуу сунушталган.

Жаза аткаруу кызматынын тарбиялоо кызматы жазадан бошотулган жарандар тууралуу маалыматты ички иштер органдарына, жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүшүп, алар каттоого алынып, жумушка орноштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, мыйзамга ылайык, төмөнкү аялдар мунапыс менен жазадан бошотулушат:

- үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналгандар;

- бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар;

- багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгондор;

- 55 жаштан ашкан аялдар;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар;

- кош бойлуу аялдар.

Ошондой эле мыйзамда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү жашы жетпегендерди бошотуу каралат:

- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер;

- 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор;

- ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөндөр;

- чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасагандар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: