Жылнаама, 3-август: Мындан 36 жыл мурун "Тирүү калуу" сериалында Кейттин ролун ойногон канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли туулган

Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы орус жазуучусу, дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгынын ээси Александр Солженицын дүйнөдөн өткөн. Алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Москвада XXII Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи
В.И.Ленин атындагы Борбордук стадиондо болгон. Олимпиада гимнинин коштоосунда Олимпиада оту акырындык менен өчкөн. 4,5 миң аскер жаратып жаткан экранда "Доброго пути!" жазуусу менен бирге ошол Олимпиаданын белгиси болгон аюу пайда болуп, анын көзүнөн жаш тамган. Жабылуу аземинин акырында стадионго спортчулар менен бирге колуна көптөгөн түстүү шарларды кармаган "аюу чыккан". Ал кол булгалап коштошуп, акырындык менен асманга көтөрүлүп учуп кеткен. Коштошуу аземинде күйөрмандардын жана спортчулардын ыйлаганын байкоого болгон.

Александр Солженицын 1918-жылы 11-декабрда Орусиянын Кисловодск шаарында казактын үй-бүлөсүндө туулган. 1945-жылы Сталинди сындагандыгы үчүн 8 жылга камалган. Анын дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгын алышына да жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирлер айтылып келет. Александр Солженицын социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы Марокконун Агадир шаарынын аэропортуна конордо Боинг-707-321С учагы тоого урунуп, учактагы 188 кишинин баары каза болгон.

В.И.Ленин атындагы Борбордук стадиондо болгон. Олимпиада гимнинин коштоосунда Олимпиада оту акырындык менен өчкөн. 4,5 миң аскер жаратып жаткан экранда "Доброго пути!" жазуусу менен бирге ошол Олимпиаданын белгиси болгон аюу пайда болуп, анын көзүнөн жаш тамган. Жабылуу аземинин акырында стадионго спортчулар менен бирге колуна көптөгөн түстүү шарларды кармаган "аюу чыккан". Ал кол булгалап коштошуп, акырындык менен асманга көтөрүлүп учуп кеткен. Коштошуу аземинде күйөрмандардын жана спортчулардын ыйлаганын байкоого болгон.
3-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.