Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов иш сапары менен кыргыз жерине келет
Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусуна байланыштуу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кыргыз жерине 2 күндүк иш сапары менен келери күтүлүүдө. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, түркмөн башчысы 5-6-август күндөрү Бишкекте болуп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Бердымухамедовдун иш сапары эки өлкө ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүүгө зор түрткү берери айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

