Ошто маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Ошто 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Г.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган адам Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан “тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылган” деп шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары кармалган адам Г.А. маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев экенин жазышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Галмамат деген кандай ат, бул Калмамат эле болсо керек, документти толтурган адамдан кеткен да катачылык,ушундай кемчиликтер көп,муну жоюш керек.
Луиза,Хадижа,Хабиба ж.б. депчи.Бул туура эмес го деп ойлойм,ошон үчүн жаза берем,бирине болбосо бирине таасир этет го деп)))
Эскертүү!